Окуу программасы жөнүндө
Программа гидроэлектр станцияларын жана гидроэнергетикалык объектилерди долбоорлоо, куруу, пайдалануу жана реконструкциялоо жаатында адистерди даярдоого арналган. Студенттер гидроэнергетика тармагындагы заманбап ыкмаларды жана технологияларды, ошондой эле чет өлкөлүк стандарттарды өздөштүрүшөт, мунун максаты гидроэнергетикалык системалардын коопсуз, натыйжалуу жана экологиялык жактан жоопкерчиликтүү иштешин камсыз кылуу болуп саналат.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Бүтүрүүчүлөр гидроэнергетикалык объекттерди эксплуатациялаган долбоорлоо жана курулуш уюмдарында, илимий борборлордо, гидроэнергетиканы жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдарда, ошондой эле инженердик-эксплуатациялык борборлордо иштей алышат. Мүмкүн болгон кызматтар: курулуш инженери, гидротехник, гидроузелдерди долбоорлоо боюнча инженер, гидроэнергетикалык системаларды эксплуатациялоо боюнча адис, долбоордук менеджер.