Окуу программасы жөнүндө
Маркетолог экономисттерди даярдоо боюнча магистрдик программа, кардарлардын жогорку деңгээлдеги канааттануусун камсыз кылган, компаниянын баалуулугун жана кирешелүүлүгүн жогорулатуучу эффективдүү маркетинг стратегиясын түзүү жана ишке ашыруу процессине багытталган. Студенттер маркетинг жана медиа чөйрөсүндөгү илимий-практикалык көз карашын кеңейтишет. Программанын инновациялык ыкмасы медиа индустриясында заманбап маркетинг, SMM, бренд долбоорлоо жана долбоорлорду башкаруу жаатында эксперт болууга мүмкүндүк берет. Окуу процесси практикалык сабактар менен кырдаалдык маселелерди чечүүнүн оптималдуу катышына негизделген. Негизги артыкчылыктардын арасында — инновациялык билим берүү технологияларын колдонуу.









