Окуу программасы жөнүндө
«Корпоративдик финансы» программасы эл аралык финансылык билим берүү стандарттарына жооп берет жана коммерциялык жана инвестициялык банктарды, мамлекеттик корпорацияларды кошкондо, бардык уюштуруучулук-укуктук формадагы компанияларда финансылык ресурстарды башкаруу боюнча адистерди даярдайт. Программа натыйжалуу жетекчинин карьерасы үчүн зарыл болгон лидерлик сапаттарды өнүктүрөт. Программанын дисциплиналарынын мазмуну корпоративдик финансы жана финансылык менеджмент жаатындагы акыркы тенденцияларды жана изилдөөлөрдү, тышкы глобалдык чөйрөнүн инвестициялык жана финансылык чечимдерди кабыл алууга таасир этүүчү факторлорун, инновациялык финансылык технологиялар жана башкаруучулук чечимдерди өнүктүрүү багытын эске алат.









