Окуу программасы жөнүндө
Программа саясат тармагындагы эксперттерди даярдоого багытталган. Окуу учурунда студенттер маалыматтык-саясий кампанияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, коомдун саясий жашоосундагы окуяларды изилдөө жана интерпретациялоо, шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү көндүмдөрүн алышат. Биздин бүтүрүүчү - бул дипломдуу кесипкөй, саясаттын ар кандай тармактарындагы эксперт, сабаттуу саясий аналитик жана эффективдүү саясий технолог. Биздин окутуучулар - таанылган окумуштуулар, саясат таануучулар жана саясатчылар катары иштешет, бул саясат таанууну теория менен практиканын кесилишинде изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет.









