Окуу программасы жөнүндө
"Биотехникалык жана медициналык аппараттар жана системаларды монтаждоо, техникалык тейлөө жана оңдоо" адистиги боюнча медициналык жана биотехникалык приборлорду орнотуу, жөндөө, диагностика, техникалык тейлөө жана оңдоо менен камсыз кылган адистерди даярдоо жүргүзүлөт.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Бул адистиктеги адистер ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишмердүүлүк түрлөрү: Биотехникалык жана медициналык аппараттар жана системаларды ишке киргизүү. Мисалы, иштөө параметрлерин жөндөө, программалык камсыздоону тестирлөө жана орнотуу. Биотехникалык жана медициналык аппараттар жана системаларды техникалык тейлөө: техникалык абалды көзөмөлдөө, санитардык нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен контролдун жыйынтыктары боюнча тейлөөнү аткаруу. Биотехникалык жана медициналык аппараттарды жана системаларды учурдагы оңдоо: техникалык абалын текшерүү жана баалоо, ажыратуу, оңдоо жана чогултуу, оңдоодон кийин эксплуатациялык документтердин талаптарына шайкештигин текшерүү.