Окуу программасы жөнүндө
«Автотранспорттук каражаттарды техникалык тейлөө жана оңдоо» адистиги. Бул адистерди даярдоого багытталган, алар автоунаалардын кыймылдаткычтарын жана башка негизги системаларын диагностикалоо, техникалык тейлөө жана оңдоо менен алектенишет
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Бүтүрүүчүлөр «Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо» адистиги боюнча автосервистерде, автотехборборлордо, дилердик борборлордо жана автотранспортту техникалык тейлөө менен алектенген ишканаларда механик, диагностикачы, оңдоо устасы болуп иштей алышат: 3–4 разряддагы автоунааларды оңдоо боюнча слесарь, автомеханиктин жардамчысы; 5–6 разряддагы автомеханик, моторист, КПП боюнча адис; мастер-кабыл алуучу, участок мастери, бригадир; оңдоо цехинин башчысы, СТОнун техникалык директору болуп иштей алышат.