Окуу программасы жөнүндө
Программанын максаты — жол-курулуш комплексиндеги ишканаларды башкарууга жана автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо жана реконструкциялоо жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүү жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо. Программанын алкагында изилденүүчү аспектилер: автомобиль жолдорун долбоорлоодо стандарттуу эмес ыкмаларды колдонуу; курулуш үчүн технологиялык чечимдерди иштеп чыгуу, анын ичинде татаал шарттарда; долбоордук чечимдерди иштеп чыгууда заманбап курулуш материалдарын колдонуу; автомобиль жолдорун курууда өндүрүш калдыктарын колдонуу; транспорт объектилерин эксплуатациялоо жана оңдоо маселелеринин кеңири спектри.







