Окуу программасы жөнүндө
"Медиакоммуникация" багытынын бүтүрүүчүсү ийгиликтүү, жогорку квалификациялуу адис болуп, төмөнкү көндүмдөргө ээ болот: 1. Контент өндүрүү: бардык медиа форматтарында контент түзүү жана иштеп чыгуу. 2. Контентти ар кандай медиа платформалар аркылуу таратуу, анын ичинде телекөрсөтүү жана радиостанциялар, басмалар, веб-сайттар, социалдык тармактар жана мобилдик тиркемелер. 3. Медиапродукциялардын агымында багыт алуу, алардын таасирин баалоо, медиа тармагында өнүгүү стратегияларын иштеп чыгуу жөндөмү.







