Окуу программасы жөнүндө
МСТ33 окутуу программасы өз маңызы боюнча ТИМ-башкаруучуларды окутуу жаатында аналогдору жок уникалдуу программа болуп саналат. Маалыматтык моделдөө технологиялары - заманбап технологияларга негизделген курулуш долбоорлорун ишке ашыруу ыкмасы, объекттин виртуалдык көчүрмөсүн (маалыматтык моделди) түзүүгө жана анын жардамы менен объект боюнча бардык актуалдуу жана ишенимдүү маалыматка жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Окуу процессинде магистранттар ТИМ процесстерине чөмүлүшөт, бул аларга ТИМ инструменттерин гана эмес, ТИМ методологиясын да үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.







