Окуу программасы жөнүндө
Бул багыт магистранттарда жаңы өндүрүш процесстерин түзүү жана заманбап өндүрүш процесстери менен машина куруу технологияларын колдонуу, долбоорлоо ыкмалары, автоматташтыруу каражаттары, математикалык, физикалык жана компьютердик моделдөө жааттарында системалык деңгээлдеги билимдерди жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүү машина куруу продукциясын түзүүгө жана өндүрүүгө багытталган илим менен техниканын ыкмаларын, каражаттарын, жолдорун жана усулдарын өздөштүрүүгө багытталган.











