Окуу программасы жөнүндө
Биотехнология өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Ал медицинада, фармацевтикада, айыл чарбасында жана экономиканын башка тармактарында колдонулуучу биотехнологиялык продукциянын жаңы түрлөрүн алуу технологияларын изилдөөгө жана иштеп чыгууга багытталган.











