Окуу программасы жөнүндө
Механика-математика факультетинин студенти өзүнүн чачыранды ойлорун логикалык түзүлүшкө ээ болгон так структураланган ой жүгүртүүлөргө айландырууну үйрөнөт. Бул феномен "операциялык системаны кайра орнотуу" деп аталат, анын натыйжасында студент өзгөчө баш менен ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ болот, тактап айтканда: зарыл болгон маалыматты өз алдынча анализдөө жана иштеп чыгуу жана анын чоң көлөмүнөн маанилүү нерселерди бөлүп алуу, маселелерди эвристикалык ыкмалар менен чечүүнү издөө, стандарттуу эмес кырдаалдарда өзүн ишенимдүү сезүү, ар кандай маселе боюнча өз позициясын мыкты аргументтөө, пландаштыруу.










