Окуу программасы жөнүндө
Бакалавриат программасын өздөштүргөн бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсү болуп төмөнкүлөр саналат: - өнөр жайдагы кесиптик ишмердүүлүктүн ар түрдүү түрлөрү (тармактары: стратегиялык жана тактикалык пландаштыруу жана өндүрүштү уюштуруу; логистика; жеткирүү тармактарын уюштуруу). Бакалавриат программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө төмөнкү типтеги маселелерди чечүүгө даяр: - маалыматтык-аналитикалык; - уюштуруу-башкаруу.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
-Логистика боюнча менеджер/Диспетчер: жүктөрдү жана ташууларды пландаштыруу, ташуучулар менен издөө жана өз ара аракеттенүү, жүктөрдү көзөмөлдөө. -Сатып алуулар боюнча адис/Жеткирүү боюнча менеджер: жеткирүүчүлөрдү издөө, бааларды жана шарттарды макулдашуу, чийки зат жана материалдардын жеткирилишин көзөмөлдөө. -Тышкы экономика боюнча адис: бажылык жол-жоболоштуруу үчүн документтерди даярдоо -Логистика аналитик: чыгымдарды талдоо, маршруттарды жана кампалык запастарды оптималдаштыруу.