Окуу программасы жөнүндө
Программанын максаты — финансы жаатында фундаменталдык билимдерге ээ, экономика, математика жана информатика тармактарында компетенцияларды өздөштүргөн, ар түрдүү экономикалык процесстер менен кубулуштарды чогултууга, иштеп чыгууга, талдоого жана моделдөөгө жөндөмдүү адистерди даярдоо.
Дисциплиналар аралык даярдыктын алкагында студенттер прикладдык информатиканы тереңдетип үйрөнүү менен «Экономика» багыты боюнча билим алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат. Бул келечекте алардын кесиптик ишмердигинин чөйрөсүн финансылык аналитикадан программалоого чейин кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Бүтүрүүчүлөр бизнес-процесстерди изилдөөнүн толук циклин — маалыматтарды чогултуудан тартып акыркы натыйжаларды чечмелөөгө жана эксперттик түрдө сунуштоого чейин — жүргүзө алышат.








