Окуу программасы жөнүндө
Бул аймактын дүйнөлүк аренадагы ролу жылдан жылга туруктуу өсүүдө; анын адам капиталы, технологиялык жана интеллектуалдык потенциалы жогорку ылдамдыкта өнүгүп жатат. Азыркы дүйнөдө Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ), Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (КМШ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), BRICS, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) жана Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) сыяктуу интеграциялык бирикмелер жана кызматташтык долбоорлору маанилүү фактор болуп саналат. Чыгыш өлкөлөрүн изилдөө илимий көз караштан да, мамлекеттер аралык кызматташтык, бизнес, медиа, маданият, технологиялар жана башка багыттарда жогорку кесипкөйлүк менен иш алып барууга жөндөмдүү кадрларды даярдоо зарылдыгы жагынан да артыкчылыктуу багытка айланууда.








