Окуу программасы жөнүндө
Клиникалык психолог бейтаптар менен дарылоо-калыбына келтирүү процесси жана алдын алуу программаларынын алкагында иштөөдө ооруларды дарылоо, реабилитациялоо жана алдын алуу процессинде психодиагностикалык, консультациялык жана психотерапиялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырат. Нейропсихологиялык диагностика жана реабилитация боюнча адистешкен клиникалык психолог көп тармактуу клиникалардын неврология бөлүмдөрүндө, баш мээси жаракат алган жана инсультка кабылган адамдар үчүн адистештирилген дарылоо жана дарылоо-калыбына келтирүү мекемелеринде, адистештирилген коррекциялык билим берүү мекемелеринде, ошондой эле алдын алуу программаларын ишке ашыруучу уюмдарда иштей алат.








