Окуу программасы жөнүндө
Программанын бүтүрүүчүлөрү маалыматтык-аналитикалык ишмердикте, ошондой эле башкаруу жана чечим кабыл алуу тутумдарында маалыматтарды жогорку ылдамдыкта чогултууну, иштетүүнү жана талдоону камсыз кылган инновациялык экономикалык-математикалык ыкмаларды жана маалыматтык технологияларды колдонууга даяр болушат. Биздин бүтүрүүчүлөр уюмдун экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу максатында уюштуруучулук башкаруу милдеттерин жана уюмдун бизнес-процесстерин автоматташтырган маалыматтык тутумдарды түзүү жана коштоо жаатында зарыл компетенцияларга ээ. Окуу процессинде студенттерге IT-долбоорлорду коштоо жаатындагы актуалдуу экономикалык милдеттер сунушталат.








