Окуу программасы жөнүндө
Маалыматтык системалар жана технологиялар, профиль "Музыкада жана саунд-дизайнда санариптик технологиялар". Кесиптик ишмердүүлүк төмөнкү тармактар менен байланыштуу: маалыматтык процесстер, музыкалык-компьютердик технологиялар, алардын инструменталдык (программалык, техникалык, уюштуруучулук) камсыздоосу; музыкада жана саунд-дизайнда санариптик технологияларды долбоорлоо, жөндөө жана эксплуатациялоо ыкмалары жана методдору.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Билим берүү программасынын бүтүрүүчүлөрү өзүн төмөнкүдөй ишке ашыра алышат: маданият жана искусство мекемелеринде, билим берүүнүн бардык баскычтарындагы мекемелерде, маалымат чөйрөсүн иштеп чыгуу жана дизайн менен алектенген компанияларда жана студияларда, программалык интерфейстердин дизайны жана web-дизайн, аудио жана видео жарнамада компьютердик технологиялар, 3D-моделдөө, компьютердик графика жана анимация, компьютердик оюндар жана тренажерлор индустриясында.