Окуу программасы жөнүндө
Педагогикалык билим берүү, профили "Музыкалык искусство жана билим берүү боюнча менеджмент". Программа маданият жана билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдарды башкаруу жаатында квалификациялуу кадрларды даярдоого багытталган. Магистрдик программа студенттерде аналитикалык ой жүгүртүүнү жана илимий-изилдөө иштеринин көндүмдөрүн калыптандырууга; теориялык билимдерди тереңдетүүгө жана уюштуруу-башкаруу көндүмдөрүнүн комплексин өркүндөтүүгө багытталган.









