Окуу программасы жөнүндө
Педагогикалык билим берүү, "Географиялык билим берүү" профили. Бул магистрдик программанын негизги максаты - географиялык билим берүү тармагында терең фундаменталдык жана кесиптик даярдыкты талап кылган илимий-изилдөө жана педагогикалык ишмердүүлүк үчүн магистрлерди даярдоо, атап айтканда, жогорку жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын географиялык дисциплиналарын окутуучулары, ошондой эле регионалдык эмгек рыногунун муктаждыктарын канааттандыруу үчүн социалдык-экономикалык (географиялык) профилди ишке ашырып жаткан профилдик мектептердин жана класстардын окутуучулары.









