Окуу программасы жөнүндө
Профиль: Өнөр жай жана жарандык курулуш Бүтүрүүчүлөр турак жай, коомдук жана өнөр жай имараттарын жана курулмаларын долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана эксплуатациялоо боюнча адистешет. Профиль: Имараттар менен курулуштарды маалыматтык моделдөө Бүтүрүүчүлөр BIM технологияларын колдонуу менен имараттарды жана курулуштарды долбоорлоого адистешет, заманбап программалык комплекстерди колдонуу менен конструкциялардын бекемдигин, туруктуулугун анализдеп жана баалай алышат. Профиль: Курулушта жашоону камсыздоо боюнча инженердик системалар Бүтүрүүчүлөр курулуш объекттерин газ менен камсыздоо жана жылуулук менен камсыздоо системаларын долбоорлоого адистешет, курулушта энергияны үнөмдөө маселелери менен алектенишет.









