Окуу программасы жөнүндө
Профиль: Маалыматтык системаларды жана технологияларды иштеп чыгуу жана эксплуатациялоо Маалыматтык-технологиялык процесстер жана системалар, маалыматтык-коммуникациялык тармактар, алардын программалык, техникалык, уюштуруучулук камсыздоосу, IT-системалардын жана IT-сервистердин жашоо циклин башкаруу механизмдери жана ыкмалары жаатында даярдоо багыты. Бүтүрүүчүлөр ар кандай маалыматтык технологияларды жана системаларды изилдөө, негиздөө, иштеп чыгуу, тестирлөө, ишке киргизүү, коштоо, оптималдаштыруу жана изилдөө менен алектенишет. Бүтүрүүчүлөр ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүндө жана экономиканын тармактарында талап кылынат.









