Окуу программасы жөнүндө
Бакалавриат программасын өздөштүргөн бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсү финансы жана экономиканы кеңири багыттарда камтыйт. Бүтүрүүчүлөр микро жана макро деңгээлдеги социалдык-экономикалык процесстерди жана кубулуштарды изилдөө, талдоо жана божомолдоо жаатында кесиптик ишмердүүлүк жүргүзө алышат. Мындай компетенциялар эксперттик-аналитикалык кызматтарда, экономикалык анализ борборлорунда, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында, ошондой эле коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарда талап кылынат.










