Окуу программасы жөнүндө
Магистрлерди даярдоо программасы – Колдонмо биотехнология мамлекеттик аккредитацияга ээ. Программанын максаты – төмөнкүлөргө жөндөмдүү квалификациялуу адистерди даярдоо: - биотехнология, анын ичинде биотехнологиялык өндүрүштөр боюнча илимий-изилдөө, уюштуруу жана тажрыйбалык-конструктордук ишмердүүлүк жүргүзүү; - өндүрүүчү организмдердин жардамы менен биологиялык активдүү заттарды бөлүп алуу, синтездөө жана анализдөө; - микроорганизмдердин жардамы менен жаңы технологияларды иштеп чыгуу; - биотехнологиялык продукциянын сапатын көзөмөлдөө; - өнөр жайда, экологияда, фармацевтикада жана башка чөйрөлөрдө фундаменталдык химиялык билимдерди колдонуу.










