Окуу программасы жөнүндө
Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсү: Байланыш, маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар (компьютердик эсептөө системалары жана тармактарынын программалык камсыздоосу, маалыматты автоматташтырылган иштетүү жана башкаруу системалары, маалыматтык-коммуникациялык системаларды башкаруу чөйрөсүндө). Өнөр жайда кесиптик ишмердүүлүктүн өтмө түрлөрү (технологиялык процесстерди жана өндүрүштөрдү эсептөө техникасы жана маалыматтык системаларды колдонуу менен автоматташтыруу жана башкаруу каражаттарын жана системаларын иштеп чыгуу, эксплуатациялоо чөйрөсүндө).










