Окуу программасы жөнүндө
Бүгүнкү күндө ар бирибиздин жашообузду заманбап инфокоммуникациялык технологияларсыз элестетүү мүмкүн эмес: уюлдук байланыш, компьютердик тармактар, мессенжерлер, алыстан иштөө формасы жана башка көптөгөн коммуникациялык жыргалчылыктар. Булардын баары менен “Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары” даярдоо багытында окуудан өткөн адистер алектенишет. Бул багыттагы студенттер ар кандай байланыш каналдары аркылуу маалыматтарды берүү ыкмаларын, ар кандай типтеги маалыматтарды натыйжалуу иштетүү ыкмаларын жана алгоритмдерин, маалыматтарды коопсуз жана ишенимдүү сактоону камсыз кылуунун актуалдуу технологияларын, ошондой эле маалыматтарды өзгөртүүнүн жана анализдөөнүн башка аспектилерин толук изилдешет.









