Окуу программасы жөнүндө
«Чакан бизнести башкаруу» профили чакан жана орто ишкердик уюмдарын башкаруу чөйрөсүндө уюштуруучулук-башкаруучулук жана маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүк үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган. Программанын негизги милдеттери: студенттерде ишкердик жана башкаруучулук көндүмдөрдү калыптандыруу жана өнүктүрүү, менчик ээси болгон ишкерлерде рыноктук ой жүгүртүүнү өнүктүрүү. Программаны өздөштүрүүнүн натыйжасында бүтүрүүчү ишкердик ишмердүүлүктү уюштуруу, башкаруу, экономика жана укук жаатында системалуу билимге ээ болот.





