Окуу программасы жөнүндө
Бул даярдоо багыты боюнча ЖОЖдун мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарында, ошондой эле саламаттык сактоону башкаруу уюмдарында илимий-изилдөө, долбоордук-экономикалык, экономикалык-аналитикалык, уюштуруучулук-башкаруучулук жана окутуучулук кесиптик ишмердүүлүк үчүн жогорку квалификациялуу магистрлерди даярдоо.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Бүтүрүүчүлөр төмөнкү кызмат орундарын ээлешет: социалдык жана социалдык-маданий уюмдардын жетекчилеринин орун басарлары жана функционалдык бөлүмдөрдүн жетекчилери; экономист-менеджерлер; экономисттер; ар кыл тармактардагы жана менчик формаларындагы ишканалар, анын ичинде финансылык, кредиттик жана камсыздандыруу уюмдары менен натыйжалуу кызматташуу компетенцияларына ээ экономикалык, финансылык, маркетингдик жана аналитикалык кызматтардын аналитиктери; мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын адистери; илимий-изилдөө уюмдарында, саламаттык сактоо уюмдары үчүн жетекчилерди, алардын орун басарларын жана экономист-аналитиктерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу борборлорунда илимий кызматтар.