Окуу программасы жөнүндө
Программанын максаты – жарандык-укуктук келишимдерди түзүүдөгү тобокелдиктерден тартып, ишкерлердин укуктарын коргоодо арбитраждык өндүрүштө иштерди толук юридикалык коштоп жүрүүгө чейин, ар түрдүү бизнес-процесстерди укуктук жактан коргоонун майда-барат өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири билимге ээ юристтерди даярдоо. Негизги милдет – ишкердик укугу жана ага байланышкан тармактар боюнча теориялык билимдерди, бизнес-процесстерди талдоо жана укуктук тобокелдиктерди баалоо боюнча практикалык көндүмдөрдү, башка чарбалык субъекттер жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө бизнести коргоонун укуктук механизмдерин иштеп чыгуу жөндөмдөрүн өздөштүрүү.





