Окуу программасы жөнүндө
Программа жогорку кесиптик экономикалык билим берүү тармагындагы заманбап эл аралык стандарттарга жана талаптарга жооп берген жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган.
Бүтүрүүчүлөр өз кесиптик чөйрөсүндө компетенттүүлүктүн жогорку деңгээлине ээ.
Окуу планынын дисциплиналарынын тизмеги жана мазмуну бюджеттик чөйрөдөгү мекемелерде (мамлекеттик сектордо), экономиканын реалдуу секторундагы коммерциялык уюмдарда, кредиттик уюмдарда, камсыздандыруу компанияларында, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордо ж.б. эсепке алуу, талдоо жана тобокелдиктерди башкаруу, ички жана тышкы көзөмөл жана аудит жаатында кесиптик ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга даярдоону камсыз кылат.








