Окуу программасы жөнүндө
«Учкучсуз авиациялык тутумдарды эксплуатациялоо» профили
Программа учкучсуз авиациялык тутумдардын учууга жарамдуулугун сактоо; учкучсуз аба кемелеринин учууларын уюштуруу, аткаруу, камсыз кылуу жана тейлөө; учкучсуз авиациялык тутумдардын учуу коопсуздугун камсыз кылуу жана башкаруу боюнча адистерди даярдайт.
Кесиптик ишмердиктин объектилери болуп төмөнкүлөр саналат: учкучсуз авиациялык тутумдар, ошондой эле учкучсуз авиациялык тутумдардын учууга жарамдуулугун сактоо жана эксплуатациялоо процесстери, ыкмалары жана жол-жоболору.












