Окуу программасы жөнүндө
Бакалавриат программасынын өзгөчөлүгү — сабактардын 90%ы англис тилинде окутулганында. Программа глобалдык англис тилдүү чөйрөдө тилдик тоскоолдуктарсыз кесиптик баарлашууну жүргүзө алган адистерди даярдоого багытталган. Билим берүү программасы тилдик чөйрөгө толук кирүү принцибине негизделип түзүлгөн. Англис тили окуу объектиси гана болбостон, бардык адистик сабактарды, анын ичинде чет тилдерин окутуунун методикасын, маданияттар аралык коммуникация теориясын, тил илимин, ишкердик этикетти жана эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү технологияларын өздөштүрүүнүн негизги куралы катары да кызмат кылат.





