Окуу программасы жөнүндө
«Орус жана чет элдик филология» багытынын бүтүрүүчүлөрү туура, так жана көркөм сүйлөп-жазганды, орус тилинде сүйлөгөндөр менен да, чет өлкөлүктөр менен да баарлашканды, виртуалдык тексттерди түзгөндү, англис тилинен орус тилине жана орус тилинен англис тилине сабаттуу которгонду үйрөнүшөт. «Орус жана чет элдик филология» билим берүү программасы баарлашуу талап кылынган жашообуздун каалаган тармагында суроо-талапка ээ адис болууга мүмкүндүк берет.





