Окуу программасы жөнүндө
Окутуу толугу менен англис тилинде жүргүзүлүүчү уникалдуу магистрдик программа. Программа глобалдык билим берүү мейкиндигинин көп маданияттуу чөйрөсүндө билим берүү долбоорлорун башкарууга жана кесиптик иш жүргүзүүгө жөндөмдүү, эл аралык деңгээлдеги адистерди даярдоого багытталган. Программа тилге толук чөмүлүү жана маданияттар аралык интеграция принциптеринин негизинде түзүлгөн. Бардык сабактар, илимий-изилдөө иштери, аралык жана жыйынтыктоочу аттестациялар жалаң англис тилинде өткөрүлөт. Программанын мазмуну билим берүүнү өнүктүрүүнүн заманбап теорияларын, салыштырма педагогиканы, маданияттар аралык коммуникация технологияларын жана башка багыттарды камтыйт.





