Окуу программасы жөнүндө
«Эл аралык мамилелердин, глобалдык жана аймактык өнүгүүнүн саясий көйгөйлөрү» профилинин мазмуну эл аралык мамилелер процесстеринин маңызын, мазмунун жана багытын, дүйнөлүк саясаттын глобалдык жана аймактык деңгээлдеги субъекттери менен объекттеринин ишмердигинин негизги чөйрөлөрүн, ошондой эле айрым мамлекеттерди жана алардын бирликтерин изилдөөдөн турат. Бул профилдин алкагындагы изилдөөлөрдүн объектилери эл аралык мамилелер, глобалдык жана аймактык өнүгүүнүн көйгөйлөрү болуп саналат.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Аспирантуранын бүтүрүүчүлөрү илимий, билим берүү, мамлекеттик, эл аралык жана аналитикалык чөйрөлөрдө карьерасын уланта алышат:
- Университеттерде, илимий-изилдөө институттарында жана эл аралык аналитикалык борборлордо илимий кызматкер.
- Эл аралык мамилелерге, дүйнөлүк саясатка жана аймак таанууга байланышкан дисциплиналар боюнча окутуучу-изилдөөчү.
- Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк саясат боюнча эксперт.
- Эл аралык процесстерди жана тобокелдиктерди баалоо менен алектенген саясий же геосаясий аналитик.
- Мамлекеттик бийлик органдарынын, анын ичинде министрликтердин жана ведомстволордун эл аралык бөлүмдөрүнүн кызматкери.
- Дипломатиялык кызматкер же дипломатиялык өкүлчүлүктүн адиси жана башкалар.