Окуу программасы жөнүндө
Психология - академиялык жана колдонмо илим. Ал психикалык процесстерди, адамдын касиеттерин жана абалын, алардын адам ишмердүүлүгүнүн ар кандай тармактарындагы көрүнүштөрүн, индивид, топ, коомчулук деңгээлиндеги жеке жана социалдык өз ара аракеттенүүлөрдү, ошондой эле алардын уюштуруу, өзгөртүү, таасир этүү жолдорун жана формаларын изилдейт.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Бүтүрүүчү ЖОЖдордо, мектептерде, лицейлерде, гимназияларда, атайын окуу жайларда, социалдык коргоо мекемелеринде, мамлекеттик кызмат уюмдарында Психолог болуп иштей алат. Изилдөө институттарында, ЖОЖдордо, адамдын жүрүм-туруму жана ишмердүүлүгүнүн негизги жана колдонмо маселелерин изилдөө боюнча адистештирилген борборлордо жана лабораторияларда изилдөөчү болуп иштей алат. Уюмдук психолог, мамлекеттик мекемелерде жана ишканаларда, мамлекеттик эмес сектордун түзүмдөрүндө, коммерциялык уюмдарда персонал боюнча менеджер Адамдарга жардам көрсөтүү үчүн психологиялык кызматтарда консультант