Окуу программасы жөнүндө
"Мектепке чейинки билим берүүнүн педагог-психологу" профили. Педагог-психолог - бул өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө психология жана педагогика боюнча билимдерди айкалыштырган адис. Ал билим берүү мекемелеринде балдардын психикалык саламаттыгын сактоого жана инсандык өнүктүрүүгө багытталган иштерди жүргүзөт.








