Окуу программасы жөнүндө
Сапатты башкаруу — адамдардын жана уюмдардын муктаждыктарын аныктоо, продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата талаптарды иштеп чыгуу, ушул талаптарга ылайык иш алып баруу, иштин натыйжалары жөнүндө статистикалык маалыматтарды чогултуу жана талдоо, пайда болгон кемчиликтер менен каталардын себептерин жана кесепеттерин аныктоо, процесстердеги мыйзам ченемдүүлүктөрдү табуу жана аларды сапатты жогорулатуу үчүн пайдалануу дегенди билдирет.














