Окуу программасы жөнүндө
Профиль: Маалымат илимдери Бул программанын бүтүрүүчүлөрү математикалык статистика, алгоритмдер жана маалымат структуралары боюнча билимге ээ; маалымат базаларын иштеп чыгуу жана башкаруу, SQL Server, PostgreSQL, MySQL'де SQL-суроолорду түзүү жана иштетүү көндүмдөрү; Python, R, SQL, JavaScript, C++, C# тилдеринде программалоо көндүмдөрү; Machine Learning, Deep Learning, Big Data, Data Visualization, Data Mining, Business Intelligence технологияларын колдонуу менен маалыматтарды иштетүү, талдоо жана моделдөө көндүмдөрү өнүккөн деңгээлде; Data Science адистерине зарыл болгон ийкемдүү көндүмдөр (soft-skills): структураланган критикалык ой жүгүртүү (Structured & Critical Thinking), долбоордук ишмердүүлүк (agile).









