Окуу программасы жөнүндө
Профиль: Агроландшафттарды жерге жайгаштыруудагы санариптик технологиялар Табиятты жайгаштыруу жана коргоо боюнча заманбап жерге жайгаштыруу технологияларын билген, адам менен табияттын ортосундагы мамилелердин заманбап өнүгүү тенденцияларын билип, табиятты жайгаштыруудагы инженердик жерге жайгаштыруу ыкмаларына, анын сапаттарын калыбына келтирүүгө, табигый элементтерден коргоого, табият компоненттеринин пайдалуулугун жогорулатууга, алардын адамдын таасирлеринен корголушуна негизделген адистерди даярдоо.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Магистратура программасын «Жер кадастры» багыты боюнча өздөштүргөн бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсү төмөнкүлөрдү камтыйт: жер-мүлк мамилелери, жер ресурстарын жана кыймылсыз мүлк объектилерин башкаруу системасы, жер пайдалануу аймагын уюштуруу, жер пайдаланууну болжолдоо, пландаштыруу жана долбоорлоо, жерлерди рационалдуу пайдалануу жана коргоо, кыймылсыз мүлк объектилерин эсепке алуу, кадастрдык баалоо жана каттоо, жер түзүү жана кадастрларды топографиялык-геодезиялык жана картографиялык камсыздоо, кыймылсыз мүлк объектилерин позициялоо, кадастрдык сүрөттөр, кадастрдык маалыматтык системаларды түзүү, жерлерди изилдөө жана башкалар.