Окуу программасы жөнүндө
Дин таануу ар түрдүү ишмердик чөйрөлөрүндө пайдалуу боло турган уникалдуу билимдерди жана көндүмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет. Дин таануучу — диний көрүнүштөрдү талдай алган, алардын маанисин жана коомдун жашоосуна тийгизген таасирин түшүнгөн, ошондой эле ар түрдүү маданияттардын жана конфессиялардын өкүлдөрүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшкөн адис. Дин таануучулар ар кандай диний системаларды, алардын тарыхын, маданиятын жана каада-салттарын, ошондой эле дин менен коомдун ортосундагы мамилелерди изилдешет.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
«Дин таануу» билим берүү программасынын бүтүрүүчүлөрү илимий кызматкер, окутуучу, изилдөөчү, ошондой эле тарых, маданият жана дин жаатындагы эксперт болуп иштей алышат. Алар аналитикалык иштер менен алектенип, билим берүү программаларын иштеп чыгып, көргөзмөлөрдү жана маданий иш-чараларды уюштура алышат. Бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтүү жумушка орношуусуна жогорку окуу жайларда окутуучу, изилдөө борборлорунда, музейлерде жана архивдерде илимий кызматкер, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жана мамлекеттик түзүмдөрдө маданият жана дин жаатындагы эксперт кызматтары мисал боло алат.