Окуу программасы жөнүндө
Чет тилдер мугалими — бул бир нече чет тилдерин билген, жалпы, кошумча жана орто кесиптик билим берүү системасында, билим берүү башкаруу органдарында жана эл аралык билим берүү долбоорлорунда иштей алган адис. Бул тармакта адис болуу — бул кеминде эки чет тилин эркин билүү, педагогика, психология жана тилди окутуу методикасы боюнча теориялык билимге ээ болуу, тилди окутуу процессинде инновациялык технологияларды колдоно билүү дегенди билдирет. Биринчи чет тили катары төмөнкүлөр сунушталат: англис/немис/француз тили, экинчи чет тили катары — англис/немис/француз/кытай тили.










