Окуу программасы жөнүндө
Программанын артыкчылыктары: ✔ окутуунун практикалык даярдыкка багытталышы: лабораториялык жана практикалык сабактардын басымдуулук кылышы, окуу жана өндүрүштүк педагогикалык практикаларды уюштуруу; ✔ психологиялык-педагогикалык мазмундагы дисциплиналардын, ошондой эле багыттар боюнча дисциплиналардын басымдуулук кылышы: физика жана информатика; ✔ программада сиз физика, информатика жана астрономия мугалими кесибин үйрөнөсүз, заманбап илимий билимдерди, сабактарды, класстан тышкаркы иш-чараларды иштеп чыгуу жөндөмдөрүн жана технологияларын өздөштүрөсүз, окуучулардын эс алуу ишмердүүлүгүн уюштурасыз. ✔ педагогикалык, физикалык, компьютердик даярдык багыттары боюнча магистратурада окууну улантуу мүмкүнчүлүгү.










