Окуу программасы жөнүндө
Программанын 2 профили: Котормо жаатындагы адис жана Маданияттар аралык коммуникация боюнча адис. «Котормо жана котормо таануу» профили боюнча билим берүү программасынын өзгөчөлүгү практикага багытталган окутуу мүнөзүндө болуп, «АКМ-Вест» котормолор бюросу (Москва ш.) жана башка котормо компаниялары менен тыгыз кызматташууну болжолдойт. Маданияттар аралык коммуникация боюнча адис — бул эки чет тилин эркин билген гана эмес, ишкердик маданияттар аралык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелеринде компетенттүү консультант, дүйнөнү маданий кабылдоонун өзгөчөлүктөрүн билген, ой жүгүртүүнүн стереотиптерине каршы турууга жана маданияттар аралык кагылышууларды чечүүгө жөндөмдүү адис.










