Окуу программасы жөнүндө
Метрологдор продукцияны / кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологиялык процесстерди, ишканалардын жана сыноо лабораторияларынын жабдууларын көзөмөлдөйт, өлчөө, сыноо жана көзөмөлдөө ыкмаларын жана каражаттарын, нормативдик документацияны, стандартташтыруу, сертификаттоо жана сапатты башкаруу системаларын иштеп чыгышат, илимий, өндүрүштүк, социалдык жана экологиялык ишмердүүлүк боюнча метрологиялык камсыздоону жүргүзүшөт. Стандартизаторлор ишкананын стандарттарын иштеп чыгуу, ички аудиттерди өткөрүү, көзөмөл аудиттерин өткөрүү иштерин координациялоо, оңдоочу жана эскертүүчү аракеттерди иштеп чыгуу, отчеттуулукту жүргүзүү менен алектенишет. Башка багыт статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуу жана продукцияны сертификаттоо боюнча иштер болуп саналат










