Окуу программасы жөнүндө
Адистештирүү: Дене тарбия жана спорт тармагындагы башкаруу жана технологиялар. Программа дене тарбия жана спорт жаатындагы адистерди даярдайт, алар билим берүү мекемелеринин бардык түрлөрүндө, уюмдарда, ар кандай менчик формасындагы ишканаларда дене тарбия жана спорт жаатындагы уюштуруу-башкаруу, аналитикалык жана педагогикалык ишмердүүлүккө даяр. Дүйнөлүк жана ата мекендик илимдин маалыматтарын колдонуу менен катар, дене тарбия жана спорт жаатындагы уюштуруунун жана башкаруунун регионалдык өзгөчөлүктөрүнө, дене тарбия жана спорт боюнча программаларды түзүүгө ж.б. чоң көңүл бурулат. Курстар заманбап инновациялык, ден соолукту чыңдоочу технологияларды колдонууну ачат.










