Окуу программасы жөнүндө
Санариптик экономиканы өнүктүрүү - бул бүгүнкү күндө бизнес-информатика боюнча адистердин ишмердүүлүгүнүн негизги багыты. Бул багыттын алкагында бизнес жана мамлекеттик түзүмдөр үчүн даяр маалыматтык чечимдер иштелип чыгууда. Бизнес-информатика адамдар компанияларда кандай иштеп жатканын анализдеп, кайсы бизнес-процесстерди жакшыртуу керектиги жөнүндө кам көрөт. Ошондо гана IT-колдоо жогорку деңгээлде жүргүзүлүшү мүмкүн. Кесипкөй бизнес-информатик - информатика, экономика жана башкаруу жаатында билимге ээ адис.









