Окуу программасы жөнүндө
Программа улуттук жана эл аралык коопсуздук жаатындагы адистерди даярдоого багытталган. Студенттер тышкы саясий абалды системалуу талдоо жана стандарттуу эмес маселелерди чечүү көндүмдөрүн алышат; эки тилди үйрөнүшөт: англис жана тандалган чет тили (араб же түрк), заманбап санариптик технологиялар, ошондой эле дүйнөлүк экономиканын жана эл аралык укуктун негиздери. Алынган билимдер жана көндүмдөр Эл аралык мамилелер, Политология, Лингвистика, Юриспруденция, Дүйнөлүк экономика багыттары боюнча магистратурада окууну улантууга мүмкүндүк берет.









