Окуу программасы жөнүндө
Программа дене тарбия мугалимдерин даярдоого багытталган жана Россия спорт университети (ГЦОЛИФК) (Москва ш.) менен биргеликте тармактык формада ишке ашырылат. Программа окуу-методикалык адабияттар жана ар бир студенттин электрондук билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүгү, атайын спорт залдары, сүзүү бассейндери, ачык спорт аянтчалары жана башка заманбап спорт базасы менен камсыздалган, бул студенттердин ар тараптуу кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүндүк берет. Окуу учурунда студенттер дене тарбия жана спорт тармагында психологиялык-педагогикалык, медициналык-биологиялык жана атайын дисциплиналарды үйрөнүшөт.









