Окуу программасы жөнүндө
Билим берүү программасынын миссиясы – региондун жана өлкөнүн билим берүү тармагындагы жогорку кесипкөй заманбап адистерге болгон муктаждыктарын канааттандыруу, алар фундаменталдык теориялык билимдерди жана инновациялык технологияларды колдонуу менен билим берүү тармагында кесиптик ишмердүүлүгүн натыйжалуу жана креативдүү жүргүзө алышат. Билим берүү программасы регионалдык эмгек рыногунун муктаждыктарын эске алуу менен педагогикалык, илимий-изилдөө, долбоордук жана методикалык ишмердүүлүккө даяр жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган









